
Балыкчыда катуу шамал оорукананын чатырын учуруп, терезесин талкалап, 2 киши жабыркады.
ӨКМдин маалыматы боюнча, ылдамдыгы секундасына 28-34 метрге жеткен катуу шамал таңга маал болуп, шаардагы оорукананын чатырын алып, терезеси талкалап кеткен. Натыйжада 33 жаштагы аял менен 2 жаштагы бөбөк жабыркап, медиктердин кароосунан өтүп жатат.
ӨКМ тактоо иштерин жүргүзүүдө.