«Барселона» 28-жолу Испаниянын футбол боюнча чемпиону болду

«Барселона» 28-жолу Испаниянын футбол боюнча чемпиону болду.

Испаниянын футбол боюнча чемпионатынын 36-турунда «Барселона» «Эспаньолду» 2:0 эсебинде утуп, турнирде жеңишке жетти.

Беттеш 15-майда «Эспаньол» стадионунда өттү.

Голду Ламин Ямаль (53-мүнөттө) менен Фермин Лопес (90+6) киргизди.

«Барселона» 36 турдан кийин 85 упай топтоду жана экинчи орунда келе жаткан «Реалды» ашып өттү. Оюндун жыйынтыгы менен «Барселона» 28-жолу Испаниянын чемпиону аталды. Ал эми рекорддук көрсөткүч боюнча «Реалда» 36 титул бар.

«Барселонанын» башкы машыктыруучусу 60 жаштагы немец Ханс-Дитер Флик. Ал клубга 2024-жылы келген.

Буга чейин Флик «Бавария» менен эки ирет Германиянын чемпионатын уткан.

16 Май 2025 жыл 11:51
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча