Барскоон – Ак-Шыйрак жолуна асфальт төшөлүүдө

Ысык-Көл облусундагы Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Иштерди “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №3 Жол тейлөө мекемеси жүргүзүүдө. Учурда 2-3,3-чакырымдар аралыгында эски асфальт катмары сыйрылып, жолдун негизи даярдалып, жаңы асфальт төшөө жумуштары башталды.

Ишке заманбап жол куруу техникасы – асфальт төшөгүч, катмар тыгыздоочу катоктор жана ташуучу унаалар тартылган.

Ишкананын адистери тарабынан асфальт катмарынын тыгыздыгы жана тегиздиги тыкыр көзөмөлдөнүп, жолдун сапаты мамлекеттик стандарттарга толук жооп берет.

15 Май 2025 жыл 9:36
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча