Баш байге батир! Алымбек датканын 225 жылдыгына карата акындардын айтышы өтөт

Алымбек датканын 225 жылдыгына карата акындардын эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11–12-сентябрда Ош облусунун Алай районунда даңазалуу Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдык мааракесине арналган иш-чаралардын алкагында Гүлчө айылындагы маданият үйүндө ак таңдай акындардын эл аралык айтышы өтөт.

Айтышка төмөнкү өлкөлөрдөн төкмө акындар катышат:

  • Кыргызстан
  • Казакстан
  • Өзбекстан
  • Кытай Эл Республикасы

Айтыштын баш байгеси — Ош шаарынан бир бөлмөлүү батир!

Уюштуруучулар: Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү.

2 Сентябрь 2025 жыл 11:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча