Баткен – Боз-Адыр унаа жолунун 3,5 чакырым аралыгына асфальт төшөлдү

Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун (эски багыт) Баткен – Боз-Адыр тилкесинде асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда жеринде «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №2 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатат.

Быйыл аталган жолдун 7 чакырымын оңдоо каралып, бүгүнкү күндө жумуштар ортодон ооп, 3,5 чакырым аралыкка асфальт жаткырылды.

Баса белгилеп кетчү жагдай, жол куруу иштери бардык нормаларга жооп берет.

27 Июнь 2024 жыл 13:57

Тема боюнча