
Баткен облусунда 800 гектар аянтта экологиялык шаар куруу пландалууда. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал «Баткен сити» деп аталып, 100 миң адамга ылайыкталган.
“Шаардагы турак жайлардын жалпы аянты 100 миң чарчы метрге, 50 миң чарчы метр жерге парк жайгашып, анда велосипед жана адамдар үчүн тротуарлар курулат. Ар бир имараттын чатырына күн панелдери орнотулуп, коомдук транспорт катары электробустар иштейт. Шаардын борборунда “Айгүл” гүлүнүн формасындагы мунара тургузулуп, анда ресторандар, кеңселер жайгашат”, — деп айтылат маалыматта.
2000 кишиге ылайыкталган филармония, мындан тышкары, музей, соода борборлор, мейманканалар, китепкана сыяктуу маданий жана социалдык объектилер курулат. Спорт сүйүүчүлөрү үчүн 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадион, ачык воркаут аянтчалары жана теннис талаалары да каралган.
Шаардын социалдык инфраструктурасына да көңүл бурулуп, 500 орундуу ири медициналык клиника куруу пландалууда. Бизнес үчүн 25 миң чарчы метр аянт бөлүнүп, шаардын четинде индустриалдык парк жайгашат. Ошондой эле агрокластер, тигүү цехтери, заманбап канализация системасы жана таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу каралган.