
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында “Партнер шифер” Жоопкерчилиги чектелген коомунун шифер чыгаруучу заводунун курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу аймактагы өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, ишкананын курулушуна жергиликтүү төрт ишкер өнөктөштүктө 70 млн сом инвестиция салууда.
Ишканада 1 жыл ичинде 2,0 млн даана асбестцемент шифер өндүрүү пландаштырылууда.
Белгиленгендей, заво суткасына 3000 даана шифер чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, 70тен 100гө чейин жаңы иш оруну түзүлүүсү күтүлүүдɵ.
Даяр өндүрүлгөн продукция, алгач ички рынокто сатуу максатталган.
Үстүбүздөгү жылдын июнь айына курулушу аяктап, алгачкы продукциясын чыгаруу алдында турат.
Эске салсак, шифер заводу быйыл Баткен облусунда ачылуусу пландалган 13 ири өндүрүш ишканасынын бири.