
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Мамлекеттик салык кызматынын Базар-Коргон райондук башкармалыгынын салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы О.С.А. коррупцияга шек саналып, кармалганын билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматы 13-январда билдиргендей, ал мүлк салыгынын жана камсыздандыруу карызын кечүү, жеке ишкерлерден салыгын азайтууну убада кылып, пара талап кылган деп шек саналууда.
«Анын иш-аракети соттун уруксаты менен жашыруун камерага тартылган. 9-январда кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген», — деп маалымдады атайын кызмат.
Учурда иликтеп тергөө иштери жүрүп жатат.