Бүгүн, 18-мартта, дайынсыз жоголгон 19 жаштагы А.Ж.К. сөөгү Чоң Чүй каналынан (ЧЧК) табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББ билдирди.
Буга чейин анын туугандары милицияга кайрылган. Алар 15-февралга караган түнү кыз Кант шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдиришкен. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси («Адам уурдоо») менен иш козголуп, издөө иштери ӨКМ менен биргеликте жүргүзүлгөн.
«18-мартта анын сөөгү ЧЧКдан табылып, өлүкканага жөнөтүлдү. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, учурда иликтөө иштери жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.