Бир айда мигранттар 272 млн доллар которушту

2024-жылдын октябрь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 272 млн долларды түзгөн.

Улуттук банктан билдиришкендей, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн – $ 256,7 млн келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн 15,3 млн доллар которулган.

2024-жылдын октябрь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан акча которуулардын көлөмү 39,7 млн долларды түздү. Анын 32 млн доллары КМШ өлкөлөрүнө, 7,6 млн доллары алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.

10 Декабрь 2024 жыл 9:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча