Бишкек – Анкара бизнес форуму өтүүдө

Кыргызстандын борбор калаасында Бишкек – Анкара — 2024 бизнес форуму өтүүдө.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрү катышууда.

Форумда шаарлар ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана жаңы өндүрүштөрдү ачуу маселелери талкууланат.

Ошондой эле кыргыз-түрк ишкерлеринин B2B жолугушуулары пландалган.

Бизнес форумдун алкагында кыргыз ишкерлеринин чакан көргөзмө-жарманкеси уюштурулду.

Белгилей кетсек, ушул күндөрү Анкара шаарынын мэри иш сапары менен Бишкекте жүрөт.

11 Июль 2024 жыл 11:10

Тема боюнча