Бишкек автобекеттеринде билетти алдын ала брондоо системасы ишке кирди

Бишкек автобекеттеринде билетти алдын ала брондоо жана сатып алуу системасы ишке кирди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, система аркылуу 10 күн мурда билет брондоого болот.
«Эл аралык жана шаарлар аралык каттамдар үчүн билеттерди сайтынан брондоо мүмкүн. Сайт аркылуу маршрутту, кетүү күнүн жана жүргүнчүлөрдүн санын көрүүгө болот. Каттам тандалгандан кийин анкета толтурулуп, билет үчүн төлөм жүргүзүлөт», — деп айтылган маалыматта.

Муниципалитет Алматы көчөсү, 1/1 дарегиндеги жана «Аккула» ат майданынын жанындагы автовокзалдар иштеп жатканын эске салды.

7 Февраль 2025 жыл 15:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча