Бишкек-Ош жолунда унааларды кар көчкү басып, бир киши ооруканага жеткирилди

Бүгүн, 22-январда саат 19:40 чамасында Төө-Ашуу туннелинин алдында эки жолу кар көчкү түшүп, 6 жеңил унааны жана 1 «Спринтер» үлгүсүндөгү унааны басып калган. Алардын ичинен бир жеңил унаа толугу менен кар көчкүнүн астында калган.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Маалыматка ылайык, ӨКМдин куткаруучулары кар көчкүнүн астында калган унаадан 4 жаранды алып чыгышкан.
Жабыркагандардын арасында эс-учун жоготкон аял “Тез жардам” менен ооруканага жеткирилген. Учурда жеринде тазалоо иштери жүрүп жатат.

ӨКМ маалымдагандай, коопсуздукту камсыз кылуу максатында “Арал” жана “Сосновка” постторунда бардык унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.

22 Январь 2025 жыл 20:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча