“Бишкек шаардык транспорт» ишканасына 500 айдоочу керек

“Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасына 500 айдоочу керек. Бул тууралуу аталган ишканын директору Талант Капаров “Ой ордо” телеберүүсүнүн түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, соңку эки жылда Бишкек мэриясы коомдук транспортту жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашырып жатат. Учурда жаӊы автобустар сатып алынып, айрым көчөлөргө жаӊы линиялар кошулууда. Ага ылайык, учурда айдоочуларга болгон муктаждык жаралууда.

“Бүгүнкү күндө “Бишкек шаардык транспорттук ишканасынын” балансында 1 миң 407 автобус бар. Жалпысынан 59 каттамды тейлеп жатабыз. Учурда калаанын автопаркынын дээрлик 98%ы жаңыланды. Азия өнүктүрүү банкы менен 120 электробус жана 95 автобусту сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн. Автобустар акырындык менен алып келинип жатат. Аларды ишке киргизүүдө сөзсүз түрдө айдоочу керек”,-деди ал.

Капаров кошумчалагандай, ишканага бир гана айдоочу эмес, коомдук транспортту жууп-тазалоочулар, оңдоочулар, бугхалтер жана кассир да керек болууда.

“Азыркы учурда айлык маяна дагы жакшы болууда. Айдоочулардын айлыгы бүгүнкү күндө 55 миң болуп жатат. Россияда коомдук транспорттун айдоочулары 100 миң сом алышат экен. Эгерде биздин айдоочулар белгиленген 168 баланстан көбүрөөк айдап коюшса, 70 миңдин тегерегинде айлык алышат. Кээде айдоочулар максималдуу көрсөткүч көрсөтүп, 100 миң алып жатышат”,-деди ал.

24 Апрель 2025 жыл 9:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча