Бишкекте 3 акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы токтотулду

Бишкекте 3 акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2025-жылдын 9-январынан тартып 23-январын кошо алгандагы мезгил аралыгына төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду:

Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 150, 1-бөлүк (үлүш) дареги боюнча жайгашкан «Союз лтд» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 27-январындагы №6698 лицензиясы;
Бишкек шаары, Москва көчөсү, 86, №2 кеңсе дареги боюнча жайгашкан «Стимул Аскат» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 16-апрелиндеги № 6781 лицензиясы;
Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 182 дареги боюнча жайгашкан «Ават финанс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 17-ноябрындагы №6637 лицензиясы.

9 Январь 2025 жыл 15:58
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча