Бишкекте «Айкөл Манас баяны» кароо-сынагы өттү

Бишкектеги № 13 мектепте «Айкөл Манас баяны» кароо-сынагы өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара Билим берүү департаменти тарабынан уюштурулуп, ага № 32, 59, 78, 66 жана 80 мектептеринин окуучулары катышты.

Сынактын шаардык этабынын жыйынтыгы боюнча биринчи орунду №80 мектептин окуучулары, экинчи орунду №78 мектептин окуучулары, үчүнчү орунду №59 мектептин жана №66 мектептин окуучулары ээлешти.

Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар таланттуу балдарды шыктандырып, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн идеологиясын бекемдейт.

2 Декабрь 2024 жыл 16:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча