Бишкекте алдыда жылуу жана ачык аба ырайы күтүлөт

Алдыдагы аптада борбор калаанын тургундарын ноябрь айында сейрек кездешүүчү жылуу жана кургак аба ырайы күтүшү мүмкүн.

Синоптиктердин айтымында, Бишкек шаарында күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

  • 11-ноябрда: күндүз +10…+12 °C, түндө 0…+2 °C;
  • 12-ноябрда: күндүз +12…+14 °C, түндө 0…+2 °C;
  • 13-ноябрда: күндүз +14…+16 °C, түндө +1…+3 °C;
  • 14-ноябрда: күндүз +13…+15 °C, түндө 0…+2 °C;
  • 15-17-ноябрда : күндүз +14…+16 °C, түндө +1…+4 °C;
  • 18-ноябрда: күндүз +17 °C, түндө +2…+4 °C.
11 Ноябрь 2025 жыл 17:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча