Бишкекте бутактарды майдалоочу заманбап жабдуу иштей баштады

Бишкекте бутактарды кайра иштетүү жана экологиялык жактан таза субстрат даярдоочу жабдуу ишке киргизилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасына бутактарды майдалоо үчүн заманбап жабдуу орнотулду, ал автономдуу генератордо иштейт. Жабдуулардын кубаттуулугу 230 кВт, иштөө чыңалуусу 380 Вольт, өндүрүш кубаттуулугу саатына 20/30 тонна.

Белгиленгендей, эми ишкана көчөлөрдө жана сейил бактарда чогултулган бутактарды иштетип, пайдалуу жана экологиялык жактан таза коопсуз материалга айлантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Майдалангандан кийин жыгач калдыктары мульчага иштетилет — ным кармап туруучу субстратка айланып, ал топурактын түзүлүшүн жакшыртат, нымдуулукту сактайт жана шаар аймактарын жашылдандырууга жардам берет.

Эске салсак, аталган жабдуулар Бишкек шаарынын мэриясы менен Кытай шаарынын администрациясынын ортосунда мурда кол коюлган келишимдин алкагында өнөктөш Циндао шаарынан берилген.

10 Сентябрь 2025 жыл 11:21
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча