
Бишкекте баасы 504 млн 955 миң сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде Бишкек шаарынын түштүк-батыш бөлүгүнөн мыйзамсыз берилген баасы 504 млн 955 миң сомдук 4,3 га жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Кайтарылган жерлер министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына коюлду.