Бишкекте дзюдо боюнча республика чемпионаты башталды

Бишкектеги «Газпром балдарга ден соолукту чыңдоо» борборунда дзюдо боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын чемпионаты башталды.

Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, мелдештин биринчи күнүндө татамиде төмөнкү салмак категорияларында беттештер өтөт.

кыз-келиндер арасында — 48, 57, 70 кг;
эркектер арасында — 60, 73, 90, +100 кг.
Чемпионат эки күнгө созулат — 27-28-январь.

Белгилей кетсек, беттештер УТРК спорт телеканалында түз эфирден көрсөтүлүүдө.

27 Январь 2024 жыл 11:35

Тема боюнча