Бишкекте эки адамды өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон маалымдашкандай, 3-октябрда түнкү саат үчтөр чамасында “102” кызматына Ленин районунун Ак-Ордо жаңы конушунун Ынтымак көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде, белгисиз эркек киши үйгө кирип, үй ээсине бычак менен жаракат келтирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.
Аталган факт маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, окуя болгон жерге ИИМдин жетекчилиги жана ыкчам-тергөө тобу барган учурда 34 жаштагы үй ээсинин жана анын 38 жаштагы бир тууган эжесинин сөөгү табылган. Ошондой эле далил буюмдар, сыртта турган автоунаадан ири суммадагы акча табылып, алынган.
Ага ылайык, Бишкек ШИИББнин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, судмедэксперттер менен кароо учурунда эркек кишиге 18 жолу, ал эми анын эжесине 11 жолу бычак сайылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө маркумдун жубайы суракка алынып, анын айтуусу менен шектүүнүн келбети түзүлүп, ички иштер органдарына издөө тууралуу багыттамалар берилген. Милиция аймактагы видеокамераларды дыкат карап, текшерген.
Кылмышка шектүү 19 жаштагы И.С. аттуу экендиги аныкталып, коомдук жайлардагы көзөмөл камералардын жардамы менен кармалып, Тергөө кызматына жеткирилди.
ИИМ учурда кылмыш иштин жагдайларын аныктоого үчүн бардык зарыл ыкчам-тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатканын белгиледи.