Бишкекте эки киши дүкөндү тоноп кеткен

Бишкекте дүкөн тоногон эки бала кармалды.

Милициянын маалыматына караганда, окуя 29-январь таңга маал Асаналиев көчөсүндөгү дүкөндөрдүн биринде болгон. Кепка, медициналык бет кап кийген эки бала сатуучуга курал-жаракка окшогон бир нерсе такап, 10 миң сом накталай акча жана 30 миң сомдук товарын алып кетишкен.

Колго түшүрүлгөндөрдүн бири 20да, экиничиси 24 жашта экени белгилүү болду.

4 Февраль 2025 жыл 11:55
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча