
Бишкекте күйөөсүнөн 20 жолу бычак жеген келин каза болду.
Свердлов РИИБдин айтымында, окуя бүгүн түшкө жакын Чыгыш автобекети жакта болгон.
Аял Тез жардам кызматы келгиче каза болгон. 33 жаштагы кызыл камчы күйөөсү кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, түгөйлөр кызганычтан улам уруша кетишкен.