Бишкек шаарынын Көк-Жар айылында жайгашкан «Байбол» кафесинен чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 күжүрмөн эсеп жана Ыкчам-нөөмөт кызматы тартылган.
Тилсиз жоо саат 21:21де чектөөгө алынып, 23:05те толук өчүрүлгөн.
Өрттүн аянты болжол менен 350 чарчы метрди түзөт.
Жабыркагандар жок.