
Бишкекте милиционердин табелдик куралды жоготкондугу иликтенүүдө.
Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, 2025-жылдын 23-майында социалдык тармактарда милиция кызматкери табелдик куралын жоготкондугу тууралуу маалымат тараган.
Бул факты боюнча Свердлов РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренесинин 1-бөлүгү (Шалаакылык) менен кылмыш ишин козголгон.
26-майда жүргүзүлүп жаткан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 28 жаштагы Б.А. аттуу жаран табелдик куралды таап алганы аныкталган. Ал куралды өз ыктыяры менен өткөрүп бергендиги айтылды.
Учурда Свердлов РИИБи табелдик куралды жоготуу фактысын иликтеп жатат.