Бишкекте пакистандык студенттер жол кырсыгына кабылып, эки киши кайтыш болду

Бишкекте пакистандык беш студент түшкөн BMW автоунаасы жол кырсыгына кабылып, эки адам ошол жерден набыт болду. Үчөө ооруканага жеткирилген. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) маалымдагандай, окуя 15-декабрь күнү, эртең мененки саат 7:00 чамасында Курманжан датка көчөсүндө болгон.

“BMW” үлгүсүндөгү унаа түштүктөн түндүктү көздөй катуу ылдамдыкта бара жатып, Мадина базарынын аялдамасындагы бетон түркүктү сүзгөн. Жол кырсыгынан унаанын айдоочусу жана бир жүргүнчү ошол жерде көз жуумп, үч жүргүнчү оор жаракат алышкан. Ал эми унаа жарактан чыгып, экиге бөлүнүп калган», — деп билдирди ЖКККБнын басма сөз кызматы.

Бул факты боюнча тийиштүү материалдар чогултулуп, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Милициядан билдиришкендей, унаанын ичинде Пакистандын жарандары — Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын 3-курсунун студенттери болгон.

15 Декабрь 2024 жыл 16:00
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча