
Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заманбап заводдун курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев пресс-турда билдирди.
Анын айтымында, заводдун курулуш аянтчасында административдик имараттын жана негизги заводдун фундаменти куюлуп, 4-кабатка чейин бетон иштери бүткөрүлдү.
“Кытайдан келген 500 жумушчу үчүн убактылуу жатакана курулуп, компаниянын кызматкерлери үчүн убактылуу кеңсе курулду. Учурда курулушта 200дөн ашык жумушчу иштеп жатат. Заводдун курулуш аянтын түздөө жана 35 миң куб метр шагыл төшөө аткарылды. Биринчи этапта санитардык полигондун аймагына курула турган таштандыларды утилдештирүү заводу суткасына 1 000 тонна таштандыны иштеп чыгарат. Келечекте бул ишкананын кубаттуулугун жогорулатуу менен катуу калдыктарды утилдештирүүнүн көлөмүн суткасына 3 000 тоннага жеткирүү пландалууда”,-деди ал.
Ошондой эле, калаа башчысы заводдон суткасына 460 МВт, ал эми жылына 180 миң МВт электр энергиясын өндүрүү пландаштырылып жаткандыгын белгиледи.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 29-мартында Кыргызстандын министрлер кабинети менен Кытайдын «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» ЖЧКнын ортосунда таштандыларды кайра иштетүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлган.
Долбоорго тартылган инвестициянын жалпы көлөмү болжол менен 95 млн долларды түзөт. Заводдун курулушун 2025-жылдын декабрында бүтүрүү пландалууда.