Бишкекте терезеден кулаган эне-бала жерге берилди

Бишкекте эки баласы менен алтынчы кабаттан кулаган келиндин жана балдарынын биринин сөөгүн туугандары бүгүн 6-апрелде жерге беришти.

Каргаша 4-апрелдин кечинде болгон. Бишкектин Жал кичи районунда көп кабаттуу үйдөн 27 жаштагы келин 2025-жылы жана 2021-жылы туулган эки баласы менен кулаган. 

Милиция ал өзү жана кичүүсү ошол жерден жан бергенин, төрт жашар кызы ооруканага жеткирилгенин билдирген. 

Саламаттык сактоо министрлиги кыздын абалы өтө оор экенин билдирүүдө. Министр Дамир Осмонов Балдардын клиникалык тез жардам ооруканасына барып, кыздын абалы менен таанышты.

Милиция окуяга байланыштуу кылмыш ишин адамды өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү деген негизде козгоп, маркум келиндин күйөөсү 1992-жылы туулган М.А. аттуу жаранды кармады. Шектүү убактылуу кармоо жайына жеткирилди.

«Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү фактысы аныкталды», — деп айтылды Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тараткан маалыматта. 

6 Апрель 2026 жыл 16:55
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча