Бишкекте турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү

Күн мурун Бишкек шаарынын Свердлов районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт толук өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тилсиз жоо Жибек-Жолу менен Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган имаратта саат 22:00 чамасында тутанган.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты, жана штаб тартылып, кырдаалды көзөмөлгө алуу иштери ыкчам жүргүзүлдү. Өрт 22:56да чектөөгө алынып, 23:21де толук өчүрүлгөнү кабарланды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын маалыматына караганда, өрттүн жалпы аянты 400 чарчы метрди түзгөн. Жабыркагандар жок.

Өрттүн чыгуу себептери учурда такталып жатат.

9 Сентябрь 2025 жыл 9:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча