
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жалган кызматкери кармалды.
Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында жасалма кызматтык күбөлүктү колдонуп, системалуу түрдө өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып, укукка каршы жосундарды жасап жүргөн А.М.М. аттуу жаран аныкталды.
Ага чейин УКМКнын дарегине Н.А.М. аттуу Кыргызстандын жараны арыз менен кайрылып, А.М.М. ар кандай шылтоолор менен 500 миң сом акча каражатын опузалап алгандыгын билдирген.
Ошентип, 23-июнда кайрадан эле жасалма документти колдонуп, өзүн УКМК кызматкери катары көрсөткөн А.М.М. аттуу жаран пара менен кармалып, өздүк тинтүү учурунда андан УКМК кызматкеринин формасын кийген сүрөтү бар жасалма документи алынган.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында кылмыш ишиндеги төгүндөлгүс далилдерди эске алуу менен А.М.М. кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, башка тиешеси бар адамдар такталууда.