Бишкекте «Жүрөктөн жүрөккө» жарманкеси өтөт

16-май күнү саат 11:00дө «Бишкек Парк» соода-оюн зоок борборунда Энелер күнүнө жана Бүткүл дүйнөлүк гипертония менен күрөшүү күнүнө арналган «Жүрөктөн жүрөккө» жарманкеси өтөт.

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун маалыматына ылайык, конокторду дарыгерлердин акысыз кеңештери, ден соолукту текшерүү, чыгармачылык демилгелер, мастер-класстар, викториналар жана жагымдуу маанай күтөт.

14 Май 2026 жыл 19:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча