Бишкекте жаңы магистралдык жол пайдаланууга берилди

Бишкекте шаардык транспорттук инфратүзүмдү жакшыртуу боюнча дагы бир долбоор ишке ашты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Кара-Дарыя көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгү толугу менен бүткөрүлүп, унаа кыймылы үчүн  ачылды.

Жаңы салынган жол 1,4 чакырым аралыкты түзүп, туурасы 9 метрге жетет. Унаа жолунун эки тарабына ирригациялык тутум орнотулуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу тротуарлар курулган. Лев Толстой жана Горький көчөсү менен кесилишине жол чырактар орнотулду, бардык жол белгилери чийилди жана орнотулду.

Белгилей кетсек, бул көчөнүн курулушу 2024-жылы башталган жана ал борбор калаанын түндүгүн түштүк тарабы менен туташтырган маанилүү магистралдардын бири катары пландалган.

Долбоор борбордук көчөлөрүнө болгон унаа жүктөмүн азайтып, кыймылды жеңилдетүүгө багытталган.

3 Июль 2025 жыл 18:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча