
Бишкек шаарында жашаган жарандар аймактардан МИК аркылуу турак жай ала алат. Бул тууралуу жергиликтүү радиолордун биринде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын калк менен иштөө башкармалыгынын башчысы Гүлзат Тотубаева билдирди.
Анын айтымында, ошол эле маалда аймакта жашап, иштеген жарандар Бишкектен турак-жай алууга кезекке тура алышпайт.
“Турак-жай программасында бул маселе боюнча атайын чечим кабыл алынган. Борбордо иштеген жарандарыбыз аймактан турак-жай алууга кезекке турса болот. Мисалы, борбордо жашап бирок, аймакка мүмкүн өзүнүн кичи мекенине кетем деген жарандар кезекке туруп, турак-жай алса болот. Бишкектеги калктын жыштыгын азайтууга көмөк кылуу максатында атайын ушундай чечим кабыл алынган. Бирок, ошол эле маалда аймакта иштеген жарандар борбор калаабыздан турак-жай алууга кезекке тура алышпайт. Негизи турак-жай программасында жазылгандай, жаран өзүнүн иштеген аймагы боюнча кезекке туруусу зарыл. Кезеги жеткенде биз ошол жашаган аймагы боюнча батир беребиз”,- деди Тотубаева.
Ошондой эле ал МИК аркылуу Бишкектен алынган батирди аймактагы турак жайга алмаштырып, кеңейтсе болоорун бирок, региондогу үйдү борбор калаадагыга алмаштырууга болбостугун кошумчалады.
“Буга чейин өлкө башчы элге батирди шартына карап алууну, кийин кеңейтүү мүмкүндүгү болорун айткан. Биздин турак жай программабызда батирлерди кеңейтүү механизми каралган. Бирок, бул келечекте ишке аша турган механизм десек туура болот. Алгач учурдагы турак-жайга муктаждык жоюлгандан кийин кенейтүү программасын ишке киргизебиз. Бул жакынкы аралыкта иштей турган механизм”,- деди ал.