
Бишкектеги 42 троллейбус электробуска айланат, учурда аларга батареялар орнотулууда.
2017-жылы чыккан троллейбустарды электробуска өткөрүү ыңгайлуу экенин вице-мэр Жамалбек Ырсалиев билдирди. Анын айтымында, булар Ош шаарына берилгенден кийин Бишкекте калган троллейбустар.
Ошондой эле Ырсалиев быйыл мэрия жалпысынан 257 автобус сатып алууну көздөп жатканын кошумчалады.