Бишкектеги «эмгек биржасында» иш менен камсыз кылуу пункту орнотулду

Борбор калаанын коомчулукка «эмгек биржасы» деп таанылган Толстой көчөсүндө жумушсуз жарандарды иш менен камсыз кылуу пункту орнотулду. Бул тууралуу шаар бийлигинин басма сөз кызматы 2-январда кабарлады.

Ага ылайык, иш менен камсыз кылуу түйүнү Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасынын негизинде орнотулду. Аталган жерде участкалык милиция кызматкерлери да иштейт.

Иш менен камсыз кылуучу түйүндү орнотуу үчүн шаар мэринин фондунан 1 млн 162 миң сом бөлүнгөн, 800 миң сом өлчөмүндө бюджеттен тышкары каражаттар тартылган.

Бишкектин Лев Толстой көчөсү коомчулукта “эмгек биржасы” деген ат менен таанымал. Бул жерге жарандар утурумдук жумуш издеп чогулат.

2 Январь 2024 жыл 18:40

Тема боюнча