Бишкектеги мечитте кайрымдуулук кутусунан акча уурдалды

Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 16-январда Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Кылмыш 9-январда Көк-Жар айылындагы мечитте болгон. Белгисиз адам кайрымдуулук үчүн коюлган кутудан бардык акчаны уурдап кеткен. Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурулук») боюнча катталган.

Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери шектүү катары 1990-жылы туулган М.А.ны кармашты. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милиция шектүү башка кылмыштарга да тиешеси болушу мүмкүн экенин жокко чыгарбайт. Ушуга байланыштуу укук коргоо органдары шектүүнүн мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккендерди же кандайдыр бир маалыматка ээ адамдарды төмөнкү номерлер аркылуу кабарлап коюуга чакырат: 0 (707) 27-66-66 же 102.

16 Январь 2025 жыл 17:58
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча