Бишкектеги жарылуудан жабыркагандардын абалы айтылды

Күн мурун саат 08:54тө Бишкектин Сейтек көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жарылуу болгон. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарылуудан эки аял — апасы менен кызы жабыркаган.

Дарыгерлер 62 жаштагы аялга бетинен I-II-III даражадагы күйүк, тулку-бою жана колу-бутунун 60 пайызы күйгөн, катуу шок алган деген диагноз коюшкан. Абалы өтө оор деп бааланууда.

Ал эми экинчи жабырлануучу 38 жаштагы кызы бетинен I-II даражадагы күйүк алган, ал эми колу-бутунун 10 пайызы күйгөн. Азыркы учурда анын абалы орточо оор деп бааланууда.

20 Январь 2025 жыл 15:20
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча