
Бишкектин жолдорун кардан тазалоо улантылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-8-декабрь күндөрү «Тазалык» муниципалдык ишканасы борбор калаанын жолдорун кардан тазалоо иштерин жүргүздү. Тазалоо иштерине төмөнкү техникалар тартылды:
Мындан тышкары, аялдамаларга 90го жакын туз салган челектер коюлду. Болжол менен 140-150 көчөгө туз чачылып, жалпысынан 323 тонна туз колдонулду.