Бишкектин түндүгүндөгү айланма жолго асфальт тɵшɵлө баштады

Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолун реконструкциялоонун алкагында подрядчы тарабынан асфальт тɵшɵɵ иштери башталды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына караганда, жол кыймылынын интенсивдүүлүгү эске алынып, бир тараптуу асфальт басуу иштери аткарылууда.

6 тилкелүү унаа жолдун реконструкциясына 150дɵн ашуун атайын техника иш алып барууда.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын түндүк айланма жолунун жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзөт. Быйыл анын 15 чакырымына асфальт төшөө пландалууда.

Тактап айтканда, 2025-жылы Алма-Ата – Бишкек – Ташкент жолунун 6 чакырымы жана Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 9,1 чакырымы реконструкцияланат. Жолдун аталган тилкесинде (15 чакырым аралыгында) эки деңгээлдүү 4 жол түйүнүн куруу каралган.

30 Июль 2025 жыл 17:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча