
23-февралга караган түнү Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында россиялык мушкерлер Артур Бетербиев менен Дмитрий Биволдун реванштык мелдеши өттү.
Кармаш көпчүлүк калыстардын чечимине ылайык, Биволдун жеңиши менен аяктады.
Мушкерлер алгачкы раунддарды «чалгындоо» менен өткөрүштү. Андан кийин Бетербиев капталга, башка бир нече сокку берүүгө үлгүрдү. Анткен менен Бивол жетинчи раунддан баштап катар-катар сокку узатууга өттү. Бетербиев бул учурда коргонууну улантып, ошол эле учурда жооптук соккуларды берип жатты.
Жалпысынан мелдеш 12 раундга созулду. Спортчулар күч сынашып бүткөн соң биринчи жолу кол алышып, экөө тең бири-бирин урматтай турганын айтып, кучакташышты.
Эске салсак, 13-октябрда Эр-Рияд шаарында өткөн беттеште Артур Бетербиев калыстардын чечими менен Дмитрий Биволду жеңип, жарым оор салмактагы абсолюттук чемпион наамын алган.
39 жаштагы Бетербиев профессионалдык бокстагы карьерасында жеңилүү ызасын тартпай, 21 жолу жеңишке жеткен (анын 20сы нокаут менен). Ал эми 33 жаштагы Биволдун эсебинде 23 жеңиш (12си нокаут менен) жана бир жеңилүү бар болчу.