13-17-октябрда Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 128-чакырымындагы Боом капчыгайынын аймагында (темир жолдун 3898-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.
«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, таштарды түшүрүү иштери аба ырайынын шарттарын эске алуу менен күндүзү саат 09:00дөн 15:00гө чейин аткарылат.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында ЖКККББ тарабынан унаа жол убактылуу жарым-жартылай жабылат.
Унаа жолду таштардан тазалоо учурунда транспорт каражаттарынын кыймылы бир тилке боюнча уюштурулат. Эгерде 30-40тан ашык унаа топтолсо, таштарды түшүрүү иши убактылуу токтотулуп, унаалардын өткөрүлүшү камсыздалат.
Бул иш-чара таш кулоолорду алдын алуу жана жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.