Бразилияда торнадодон кыйрап калган шаар кайра курулат. Бул тууралуу ТАСС билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, Бразилиянын Парана штатындагы Риу-Бониту-ду-Игуасу шаары торнадодон кийин дээрлик толугу менен кыйрап калган. Атап айтканда имараттардын 90 пайыздан ашыгы кайрадан курууну талап кылат.
Шаар мэри Сезар Аугусту Бовину GloboNews телеканалына берген маегинде “Шаарыбыз дээрлик толугу менен талкаланды, тургундардын дээрлик бардыгы кетүүгө аргасыз болушту. Эми биз шаарды нөлдөн баштап кайра курууга тийишпиз”,-деген.
Белгилей кетсек, 8-ноябрда Парана штатын 70 м/с ылдамдыктагы торнадо каптаган. Андан алты киши каза болуп, 700дөн ашык адам жаракат алган. Бул кырсыкка чейин шаарда 14 миңге жакын адам жашачу.
Бразилия президенти Луис Инасиу Лула да Силва кырсыктын кесепеттерин жоюу жана куткаруу иштерин уюштуруу үчүн бир нече министрди Парана штатына жөнөткөн.