Чынгыз Ажибаев, ЖК депутаты: “Президент көз карандысыз, эгемендүү мамлекетти түптөөдө чоң иштерди жасады”

Акыркы жылдары Кыргызстанда бир топ өзгөрүүлөр болду. Алгач, чек ара маселесине токтолсок. Буга чейин чек ара такталбай, талаш-тартыштар болуп келген. Бүгүн бул маселе кандай деңгээлде чечилди?

— Ооба, туура айтасыз. Буга чейин өлкөбүздүн чек аралары толук такталбай келген. Бул элдин коопсуздугуна жана жашоосуна түздөн-түз таасирин тийгизген маселелердин бири болчу. Бирок акыркы жылдары чек ара маселесин чечүү боюнча чоң иштер аткарылды. Өзбекстан менен чек ара толук такталды. Эми Тажикстан менен да тактоо процесси аяктады. Бул мамлекетибиздин аймактык бүтүндүгү үчүн тарыхый жетишкендик.

Чек аранын такталышы Кыргызстандын коопсуздугуна кандай таасир берет?

— Биринчиден, чек ара такталганда тынчтык болот. Экинчиден, чек ара бекем болгондо коопсуздук күчөйт. Бул үчүн армия да күчтүү болушу керек. Акыркы жылдары кыргыз армиясы заманбап техника менен жабдылды, чек арачылардын маянасы кескин жогорулады. Мурда 17 миң сом алган чек арачы бүгүн 80 миң сомдон ашык маяна алууда. Бул аларга дагы жакшы шарт түзүп, кызмат өтөөгө болгон кызыгуусун арттырат.

Кыргызстан эл аралык мамилелер жаатында да активдүү иш алып барууда. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды. Бул долбоор кандай мүмкүнчүлүктөрдү берет?

— Бул темир жол долбоору Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүк ачат. Биз Кытай менен Европаны байланыштырган маанилүү транзиттик өлкөгө айланабыз. Бул экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү да арттырат жана жаңы жумуш орундарын түзөт.

Камбар-Ата-1 ГЭСи курулуп жатат. Бул долбоор кандай пайда алып келет?

— Бул ГЭС ишке кирсе, Кыргызстан электр энергиясын экспорттогон өлкөгө айланат. Энергетикалык коопсуздук бекемделет жана экономикага чоң салым болот.

Соңку жылдары кылмыштуулукка каршы да күрөш күчөдү. Кыргызстан бүгүн коопсуз өлкө деп айта алабызбы?

— Буга чейин уюшкан кылмыш топтору мамлекеттин бардык тармагына аралашып келген. Бирок азыр алардын дээрлик баары мыйзам алдында жоопко тартылып, өлкөдө коопсуздук жогорулады. Кыргызстанда инвесторлор үчүн да, жарандар үчүн да коопсуз чөйрө түзүлүп жатат. Жалпылап айтканда, Кыргызстан чек арасы такталган, экономикасы өнүгүп жаткан, коопсуз өлкө болууга багыт алды. Президент жана анын командасы көз карандысыз, эгемендүү мамлекетти түптөөдө чоң иштерди жасады. Мындан ары дагы өлкө өнүгүп, элдин жашоосу жакшырышы үчүн туруктуулукту сактоо маанилүү.

13 Март 2025 жыл 17:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча