
Дүйнөлүк банк Өзбекстанда улуттук геомаалымат системасын жакшыртуу үчүн 35 млн доллар жеңилдетилген насыя бөлдү, деп билдирет банктын Ташкенттеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.
Өкмөт бул багытка кошумча 5,7 млн доллар бөлөт. Каражаттар мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүгө жана аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө жумшалат. Долбоорду 2030-жылга чейин Кадастр агенттиги ишке ашырат.
Долбоор алкагында Кадастр жана каттоонун бирдиктүү маалымат системасы — UZKAD жаңыланып, улуттук дарек реестри түзүлөт. Геопортал аркылуу жарандар жана ишкерлер жер, жол, инфраструктура тууралуу маалыматтарды ачык түрдө ала алышат.
Самарканд шаарында жаңы технологиялар сыноодон өткөрүлөт. Атап айтканда, 3D-карталар түзүлүп, инженердик тармактар — суу, электр, газ жана байланыш линиялары картага түшүрүлөт.
Ошондой эле өлкө боюнча үч дата-борбор курулуп, 80 туруктуу GPS станциясы орнотулат. Бул технологиялар геомаалыматтарды так чогултууга жана бөлүшүүгө шарт түзүп, климаттык тобокелдиктерге даярдыкты арттырат.