Дагы бир депутат мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз жазды

Жогорку Кеңештин депутаты Эмилбек Жусупов 20-апрелде мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазды. Ал 2021-жылы “Ишеним” партиясынан шайланып келген.

Маалыматка караганда, Эмилбек Жусуповдун арызы БШКнын жакынкы отурумдарында каралат.

Буга чейин ондогон үлүшчүлөр парламенттин депутаты Эмилбек Жусупов негиздеген “Эмаком” курулуш компаниясына акча төгүп, батирлерин ала албай жатканын айтып чыгышкан. Депутат азыр ал ишканага тиешеси жок экенин билдирген.

22 Апрель 2024 жыл 9:33
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча