Дайырбек Орунбеков КМШ өлкөлөрүнүн “Древо дружбы” алтын медалы менен сыйланды

Көз карандысыз мамлекеттер биримдигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын Кеңеши Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековду Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын жана Мамлекеттер аралык «Мир» телерадиокомпаниясынын “Древо дружбы” алтын медалы менен сыйлады.

КМШ ПАА Кеңешинин Башкы катчысы Дмитрий Кобицкий менен «Мир» МТРКсынын төрагасы Радик Батыршин Москвада (Россия Федерациясы) “Мир” Мамлекеттер аралык телевидениенин Директорлор кеңешинин жана Мамлекеттер аралык координациялык кеңешинин мүчөлөрүнүн жыйынынын алкагында алтын медалды тапшырышты.

Дайырбек Орунбеков Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин маалымат мейкиндигин калыптандырууга кошкон салымы үчүн жогорку сыйлык менен сыйланды. “Древо дружбы” медалы КМШнын ишмердүүлүгүн көрсөтүүдө жана мамлекеттер аралык кызматташтыкты чыңдоодо олуттуу жетишкендиктери үчүн ыйгарылды.

Белгилей кетсек, “Древо дружбы” алтын медалы Шериктештиктин алкагында конструктивдүү диалогду өнүктүрүүдө жана бирикмелик байланыштарды чыңдоодо объективдүү жана өз убагында берилүүчү маалыматтын маанилүү ролун таанууну символу.

3 Декабрь 2024 жыл 17:02
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча