
Кыргызстанда расмий катталган 167 диний окуу жайда 7933 эркек, 7513 кыз окуйт. Бул тууралуу Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын (КМДБ) муфтийи Абдулазиз Закиров парламентте дин мыйзамы талкууланып жаткан коомдук угууда билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров медреседеги балдардын билимин тыкыр көзөмөлдөө керек экенин билдирди.
“15 миң бала көп. Ар бир бала Кыргызстандын жараны, аларга светтик билим – математика, физика, химия сабактары берилиши керек. Ошондуктан мен мыйзамга сунуш берейин, Билим берүү министрлиги светтик билим берүү жагын көзөмөлгө алсын. Диний билим берүү жагын муфтият өзүнүн уруксаты менен берсин”, — деди Абакиров.
Жогорку Кеңеште 17-декабрда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өтүп жатат. Депутаттар 12-декабрдагы жыйынында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда колдогон.