Соңку күндөрү Бишкек шаарындагы абанын булганышы боюнча маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Депутат Исхак Масалиев парламент бул маселени былтыр кеңири талкуулап, тиешелүү чечимдерди кабыл алганын, ага карабай ыш маселеси азайбай, курчуп жатканын белгиледи.
Дагы бир депутат Элдар Абакиров да ыш маселесин көтөрүп, жагылган көмүрлөрдүн сапаты боюнча иш алып барууну сунуштады.
“Бишкектин тегерегиндеги айылдарда дем алуу кыйын болуп калды. Бул көмүрдүн сапатынан болушу мүмкүн деген ой келди. Кара-Кеченин көмүрүнүн ордуна бир жыл бою бышкан көмүрдү колдонуп көрүүнү сунуштайм. Балким, ошондо ыш азаят. Бир жолун издеп көрүшүбүз керек. Болбосо бул миллион-миллион доллар зыян катары элибиздин ден соолугуна тийип жатат”, — деди Абакиров.
Ыш маселеси Жогорку Кеңеште буга чейин да бир нече ирет көтөрүлүп, өкмөттүн бул көйгөй боюнча жүргүзгөн ишмердиги боюнча отчет угуу сунушу берилген.
World Air Quality уюмунун иликтөөсүндө 24-декабрда Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Уюмдун абанын сапаты тууралуу индексинде Бишкектин борборундагы көрсөткүч (AQI) саат 19.00гө карата 458ди көрсөттү. Калаанын башка бөлүктөрүндө индекс кечээ өтө кооптуу чектен — 600-760тан ашып кетти.