Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров парламенттин жыйынында министрлер кабинетинен россиялык номерлүү унааларды мыйзамдаштыруунун мөөнөтүн узартууну суранды.
Анын айтымында, жакында Экономика жана коммерция министри 1-октябрдан тарта мыйзамдаштырылбаган россиялык номерлүү унаалар менен өлкө боюнча жүрүүгө мүмкүн болбой турганын билдирген.
«Мен бул мөөнөттү узартуу керек деп эсептейм. Анткени, бир айдын ичинде жарандар жетишпей калышат. Ошондой эле Россиядан негизинен арзан унаалар келет. Ал эми бажы төлөмү үчүн 100 миң сом өтө кымбат. Бааны бир аз түшүрүп, мыйзамдаштыруу мөөнөтүн жылдын аягына чейин узартуу керек», — деп белгиледи эл өкүлү