Дордой базарынын айланасы иретке келтирилип, жолдор оңдолот

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен Дордой базарынын аймагын иретке келтирүү иштеринин кезектеги этабы башталды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, базардын айланасындагы жолду реконструкциялоо, башаламан соода жана таштандыларды жоюу жана башка иштер пландалууда. Базарды санитардык жана өрт коопсуздугунун нормаларына ылайык келтирүү боюнча иштердин аткарылышы Айбек Жунушалиевдин катуу көзөмөлүндө экени айтылды.

Өрт коопсуздугун сактоо

Мэрия текшерүүнүн жүрүшүндө базардын өрт коопсуздугунун нормаларына шайкештигине баа берилгенде өрт өчүрүүчү унаалар ички өтмөктөрдүн биринен да ээн-эркин жүрө албай турганы аныкталган.

Ошондой эле электр линиясынын астында соода-сатык уюштурулгандыгы белгилүү болду. Бул электр чубалгыларынын коргоо зоналары боюнча белгиленген нормаларга карама-каршы келет. Мындай аракеттер жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурат, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучун күчөтөт.

Санитардык абал жана башаламан соода

Муниципалдык инспекция тарабынан жеке жана юридикалык жактарга санитардык нормалардын сакталбаганына, таштандыларды таштоо, жашыл зоналарды бузуу жана уруксат берилбеген жерлерде мыйзамсыз соода кылуу боюнча жалпы суммасы 201 миң сомду түзгөн 26 протокол түзүлгөн.

Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы болсо, «Дордой» базарындагы 26 объектиге демонтаждоо боюнча эскертүүлөрдү берди. Жеңил салмактагы 5 объектти: чатырларды жана соода күркөлөрүн демонтаждоо пландалууда. Белгилей кетсек, жыл башынан бери Кожевенная көчөсүн бойлой 14 объект демонтаждалган.

Жолду асфальттоо жана унаа токтоочу жайды иретке келтирүү

Бишкек шаарынын мэриясы Дордой базарынын айланасындагы көчө жана жол инфраструктурасын калыбына келтирүү чечимин кабыл алды. Мында көчөлөргө асфальт төшөө, тротуарларды орнотуу, ирригациялык тармакты калыбына келтирүү иштери жасалат.

Дордойдогу унаа токтоочу жайларды уюштуруу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду. Көп кабаттуу унаа токтотуучу жайдын долбоорун берүү үчүн базар жетекчилигине 10 күндүк мөөнөт берилди. Ошондой эле “Дордой” ЖЧКсы менен муниципалдык унаа токтоочу жайларды башкаруу боюнча келишимдерди бузуу чечими кабыл алынды. Эми алар Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына кайтарылып берилет.

Мындан тышкары, транспорттук унаанын кирүүсү жана эвакуация жолдорун камсыз кылган башкы соода өтмөктү калыбына келтирүү маселеси каралат.

Эс алуу жайларын куруу

Жакынкы сейил бак менен көлдү калыбына келтирүү чечими кабыл алынгандыктан, мэрия эс алуу жайларын түзүүгө кызыкдар инвесторлорду кызматташууга чакырды.

Белгилей кетсек, буга чейин Кожевенная көчөсүндөгү жашыл аймак автоунаалар үчүн башаламан унаа токтоочу жайга айланган. Мындан улам муниципалдык инспекция жашыл аянттарга зыян келтиргендерге 13 протокол түзүп, жалпы суммасы 71 500 сомдук айып салынган.

4 Июль 2025 жыл 17:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча